Кыргызстандын бажы тармагын жаңылоонун 1-этабынын талаптары дээрлик 99% аткарылды деди Федералдык бажы кызматынын башчысы Андрей Бельянинов кечээ Бишкектеги иш сапарында. Анын айтуусунда, эми экинчи жана үчүнчү этабына милдеттенмелер берилди. Кыргызстандын Бажы тармагын заманбап жабдыктар менен камсыздоо милдети Орусиянын “Крокус интернешнл” ишканасына жүктөлгөн.
- Биримдикке мүчө өлкөлөрдүн чек араларынын ачылышы ички тапшырмалардын бүтүшүнө байланыштуу болот, мында эч кандай саясий боёк жок, тартип ушундай, - деген Бельянинов мамлекеттердин ички милдеттенмелери батыраак ишке ашуусун президенттер өздөрү көзөмөлдөрүнө ишеним билдирди.
Кыргызстандын Бажы тармагын Евразия экономикалык биримдигинин талаптарына ылайыктап жаңылоо үчүн Орусия 200 млн. доллар берген. Аны жүзөгө ашырууну да орусиялык “Крокус интернешнл” ишканасы колуна алган. (ZKo)