Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:50

Дүйнөлүк банк Кыргызстанга 24 миллион доллар берет


Камбар-Ата ГЭСи
Камбар-Ата ГЭСи

24 млн. доллар өлкөнүн энергетикалык тармагын колдоо максатында берилмекчи. Энергетика министрлиги кабарлагандай, анын ичинен 10,8 млн. доллары грант түрүндө, калганы насыя түрүндө берилет. Насыяны төлөө убагы 38 жыл, ал эми үстөк пайызы 0,75%. Каражат энергетика тармагынын башкаруу системасын жакшыртууга, ачыктыкты жана айкындуулукту камсыздоого, тармактагы реформаларды жүргүзүүдө калктын аялуу катмарын колдоо максатында пайдаланылат.

Токтогул суу сактагычындагы суунун аздыгына байланыштуу былтыр Кыргызстанда энергетикалык каатчылык болуп, Казакстандан электр энергиясын алууга мажбур болгон. Каатчылык быйыл да уланары айтылууда. Жакында эле Тажикстан Кыргызстанга электр энергиясын мурда берип келген баадан бир топ кымбат сатууну көздөп жатканы ачык болду. Тажикстан Кыргызстанга 1кВт саат электр энергиясын 3 центтен сатууну көздөөдө, мурдагы баа 2 цент болчу. Былтыр Казакстан 10 центтен сатты.(ZKo)

XS
SM
MD
LG