Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:40

Согушта дайынсыз жоголгон жоокерлер эскерилди


5-майда Бишкек шаарындагы өчпөс оттун жанында экинчи дүйнөлүк согушта жоголуп, жакында дайыны табылган жоокерлердин урматына арналып гүл коюлуп, куран окулду. Бул тууралуу “Азаттыкка” экинчи дүйнөлүк согушта дайынсыз кеткен кыргызстандык жоокерлерди издөө боюнча түзүлгөн үй-бүлөлүк “Эрдик” пилоттук долбоорунун негиздөөчүсү Каныбек Мырзаканов билдирди.

Эскерүү митингине дайыны табылган жоокерлердин жакындары катышты.

1941-1945-жылдагы согуш учурунда 56 миң 24 кыргызстандык жоокер дайынсыз жоголгон. Анын 1395и аялдар. “Эрдик” пилоттук долбоору дайынсыз жоголгондордун 200дөн ашыгынын курман болгон жерин жана сөөгү коюлган жайын интернет аркылуу табышкан.(ZA)

XS
SM
MD
LG