Премьер-министр Темир Сариев баштаган өкмөт өкүлдөрү учурда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында ант берүүдө. Салтанатка президент Алмазбек Атамбаев катышып жатат.
Өкмөттүн курамын парламент 30-апрелде бекиткен. Курамга премьер-министрден тышкары төрт вице-премьер-министр, 15 министр, өкмөттүн аппарат жетекчиси жана УКМКнын жетекчиси кирет.
Мурдагы премьер-министр Жоомарт Оторбаев 23-апрелде отставкага кеткен. (SE)