Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:11

Глобалдык фонд Кыргызстандан 120 миң доллардын эсебин талап кылууда


Медицина тармагына берилген гранттык каражаттарга тийиштүү документтер даярдалбагандыктан Кыргызстан Глобалдык фондго 120 миң доллар карыз болуп калды. Анын айынан алдыда бериле турган 44 миллион доллардан ашуун каражат токтотулушу ыктымал. Аталган фонддон ушул өңүттөгү кат саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиевге келди.

Министр бул кабар чын экенин “Азаттыкка” тастыктап, ал кызматка келгенге чейин алынган гранттык акча кандай максатта колдонулганы тууралуу документтер так толтурулган эместигин билдирди.

Маалыматка ылайык, СПИДге каршы күрөшүү боюнча республикалык борбор 41 миңден ашуун, Улуттук фтизиатрия борбору 80 миң долларга жакын каражатты документтештирген эмес.

Батыралиев бул боюнча азырынча анык бир адамды күнөөлөбөй турганын, бирок иш териштирилерин айтты. (SE)

XS
SM
MD
LG