Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:01

ИИМ: Дүйшөбаеванын өлүмү кокустук болушу ыктымал


Камила Дүйшөбаеванын өлүмү кокустук болушу ыктымал. Бул тууралуу бүгүн "Азаттыкка" Ички иштер министрлигинен кабарлашты.

Министрлик окуя боюнча 500дөй киши суралганын айтууда. Көрсөтмө бергендердин айтканына караганда "Дүйшөбаева такси менен көп жүрчү, кээде төлөгөнгө акчасы жок болуп, түрдүү кырдаалдар пайда болчу". Андыктан кезектеги ушундай окуя учурунда чыр чыгып, айдоочу анын моюнундагы шарфынан катуу тартканы өлүмгө себеп болушу ыктымал деген версия каралууда.

Бишкек шаарынын 19 жаштагы тургуну Камила Дүйшөбаева былтыр жазында киши колдуу болгон. Маркум менен байланышы бар деп айрым бийликке жакын адамдардын аты аталган. Ушул кезге чейин бул иштин бети ачылбай келет. (KE/RK)

XS
SM
MD
LG