“Апрель кыймылы” уюмунун өкүлдөрү бүгүн Сузактын Көгарт айылындагы орто мектепте жыйын уюштуруп, жергиликтүү тургундар менен өлкөдөгү кырдаалды талкуулады. Бул тууралуу кыймылдын төрагасы Бакыт Бакетаев “Азаттыкка” кабарлады. Жыйындын катышуучуларынын назарына “2010-жылдагы элдик төңкөрүш максатына жеттиби же жокпу?” деген суроо коюлду. Ошондой эле адамдар арасында ушул өңүттө сурамжылоо жүргүзүлдү.
Буга чейин мындай жыйындар Талас жана Ысык-Көлдө өткөрүлгөн. Эми Баткен, Нарын жана Ош облусунда, андан соң Бишкекте уюштурулуп, өлкө бийлигине кайрылуу даярдалмакчы. (SE\RsK)