Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:37

Бүгүн электр тарифи тууралуу маалымат берилет


Датка подстанциясы
Датка подстанциясы

Маалымат жыйынын Отун-энергетикалык комплексти тескөө боюнча мамлекеттик агенттик өткөрөт. Энергетика министрлигинен билдиришкендей, жыйынга агенттиктин башчысы Нурбек Элебаев баштаган бир катар адистер катышат. Анда баалардын көтөрүлүшү, энергетика тармагындагы акыбал, коңшу өлкөлөрдөн электр энергиясын сатып алуу жана башка маалыматтар берилет.

Отун-энергетикалык комплексти тескөө боюнча мамлекеттик агенттик мурдараак электр энергиясынын басымдуу бөлүгү социалдык багытка, жөнөкөй жарандарды камсыз кылууга жумшаларын билдирген. Мурдагы маалымат боюнча, 1-июндан тарта карапайым калк 700 киловаттка чейин 84 тыйындан төлөй баштайт. Андан ашканы үчүн канча баа коюлганы бүгүн анык болот. Ошондой эле өндүрүш тармагы жана ишканалар төлөөчү тариф да бүгүнкү маалымат жыйынында белгилүү болот.

Мындан тышкары Казакстан менен Тажикстандан электр энергиясын сатып алуунун абалы тууралуу да маалымат берилмекчи.

Карапайым калк азыр 700 киловаттка чейин 70 тыйындан, андан ашса 1 сом 82 тыйындан төлөйт. Ал эми өнөр жай, ишканалар 1 сом 97 тыйындан төлөп келүүдө.(ZKo)

XS
SM
MD
LG