Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:41

Балбан Айаал Лазарев Азия чемпиону болду


Ушул күндөрү Катарда өтүп жаткан спорттук күрөш боюнча Азия чемпиондугунда Кыргызстандын эркин күрөш балбаны Айаал Лазарев Азия чемпиону болду. Биргелешкен күрөш дүйнөсүнүн (UWR) расмий сайтындагы маалыматка караганда, Айаал Лазарев 125 кг салмакта күч сынашууга чыгып, бүгүн, 7-майга караган түнү финалда ирандык Комейл Гасемини утуп, алтын медаль тагынды. Айаал Лазаревдин алтын байгесинен сырткары бул күнү кыргыз курамасына эки күмүш байге буюрду.

57 кг салмакта Самат Надырбек уулу алтын байге үчүн күрөштө монголиялык Эрденебат Бехбайарга жеңилип, экинчи орунду алды. Кыз-келиндер арасында 58 кг салмакта Айсулуу Тыныбекова алтын байге үчүн тогуз жолу дүйнөнүн, үч жолу олимпиаданын, эки жолу Азиянын чемпиону болгон жапониялык Каори Ичо менен таймашып тилекке каршы жеңишке жете албай калды. Бул күнү 65 кг салмакта Азат Миррахимов 3-орун үчүн таймашта монгол атаандашына утулуп коло байгеден куру калды. Азия чемпиондугунун таймаштары бүгүн да уланат. (ECh)

XS
SM
MD
LG