8-майда Кыргызстандын айрым аймактарында өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Бийик тоолуу райондорго кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 15...20, күндүз 25...30,
Талас жергесинде түнкүсүн 10...15, күндүз 25...30,
Баткен облусунда түнкүсүн 14...19, күндүз 25...30,
Ош жана Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 15...20, күндүз 27...32,
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 6...11, күндүз 16...21,
Нарында түнкүсүн 8...13, күндүз 19...24,
Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн 0...-5, күндүз 1...6 градус болот.
Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Түнкүсүн 18…20, күндүз 28…30 градус болот.