Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:40

Британияда парламенттик шайлоо өтүп жатат


Түштүк Англиядагы шайлоо бекети. 7-май, 2015-жыл.
Түштүк Англиядагы шайлоо бекети. 7-май, 2015-жыл.

Добуш берүүнүн жыйынтыгы Британиянын Еврошаркетке мүчөлүгүнүн болочогу боюнча суроо жаратып жана Шотландиянын көз карандысыздык маселесин кайрадан күн тартибине чыгарышы мүмкүн.

Бул жараяндар БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу жана НАТОнун өзөктүк куралдуу мүчөсү болгон Британиянын келечек макамына таасир бергендиктен бүгүнкү шайлоо дүйнө өлкөлөрүнүн да кызыгуусун жаратууда.

Шайлоо бекеттери Бишкек убактысы боюнча саат түшкү 12де ачылды. Шайлоочулар азыркы премьер Дэвид Кэмерон лидерлик кылган борборчул-оңчул Консервативдик же оппозициядагы борборчул-солчул Лейбористтик жана бир нече майда партия ичинен бирин тандашы керек.

Эки ири партиянын лидерлери тең 650 орундуу парламенттен мандаттардын көбүн алабыз деген ишенимде турушканы менен коомдук пикирди сурамжылоонун жыйынтыктары майда партияларга колдоо мурдагыдан жогорку экенин көргөзгөн.

Бул шайлоодо Консервативдик жана Лейбористтик партиянын кимиси жеңбесин коалициялык өкмөт куроо үчүн майда партиялар менен иштешүүгө туура келет дегенди билдирет. Шайлоонун жыйынтыгы жума күнү эртең менен белгилүү болот. (UE)

XS
SM
MD
LG