Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:39

Ошто Сариевди тосуу үчүн тизилген окуучулардын бири эсин жоготту


Ош шаарындагы “Өчпөс от” мемориалдык комплексинде премьер-министр Темир Сариевди тосуп алууга чыккан окуучулардын бири эсин жоготту. Күбөлөрдүн айтымында, окуучулар бийлик өкүлдөрүн күндүн ысыгында эки сааттан ашуун күтүп калган.

Темир Сариев жана Оштун мэри Айтмамат Кадырбаев баштаган аткаминерлер ардагер Абдурашид Парпиевдин эстелигин ачуу аземине катышмак. Ал үчүн салтанаттуу жыйын уюштурулган.

Эсин жоготкон кызга медициналык жардам көрсөтүлдү.

2012-жылы Баткенде президент Алмазбек Атамбаевди тосуп алуу үчүн тизилген окуучулардын да бири эсин жоготкон эле. (SE)

XS
SM
MD
LG