Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:36

Евробиримдик Турганбаевдин билдирүүсүнө камтама болууда


Европа Биримдигинин Кыргызстандагы өкүлчүлүгү ички иштер министри Мелис Турганбаевдин "өлкөдө 30 миң паспорт мыйзамсыз берилген" деген билдирүүсүнө камтама болууда. Бул тууралуу бүгүн Бишкекте өткөн Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчиси Алина Шаикованын аталган уюмдун өкүлдөрү менен жолугушуусунда айтылды.

Жолугушууга катышкан Франция элчиси Стефан Катт "эл аралык кырдаал жана терроризм, экстремизм коркунучтарына байланыштуу бул билдирүүгө Евробиримдик чоң маани берерин" айтты.

Шаикова 30 миң мыйзамсыз паспорт тууралуу кабары жоктугун, балким Мелис Турганбаев айрым жарандар фамилиясын өзгөрткөндө алардын ПИН коду, башкача айтканда, жеке номуру да алмашканы боюнча маалыматты айтып жаткандыр деген оюн билдирди.

Мамкаттоонун маалыматы боюнча, былтыр Кыргызстанда 47 263 киши фамилиясын өзгөрткөн. 6875 паспорт эки башка ПИНдин негизинде берилгени аныкталып, Мамкаттоо кызматы бул боюнча материалдарды тартип коргоо органдарына жөнөткөн.

ИИМ башчысы Турганбаев 30 миң паспорт мыйзамсыз берилген деп 21-апрелде айткан болчу. (RK)

XS
SM
MD
LG