Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет интернеттеги WhatsApp түйүнү аркылуу тараган маалыматтарды текшерүүдө. Бул тууралуу "Азаттыкка" УКМКнын алдындагы Терроризмге каршы борбордун жетекчиси Таалай Жапаров билдирди:
- Майрам күндөрү коопсуздукту камсыз кылуу үчүн биз күчөтүлгөн тартипте иштеп жатабыз. Эч кандай дүрбөлөң болбошу керек. Кырдаал өзгөрүп кетет, же жаңжал чыгат деген маалымат жок.
Кечээтен бери айрым WhatsApp колдонуучуларга белгисиз бирөөдөн "7-8-9-май күндөрү Кыргызстанда согуш башталып кетиши мүмкүн, эл көп чогулган жерлерге, концерттерге барбагыла" деген өңүттө кыргызча кат келген. Кээ бирлер каттын сүрөтүн тартып интернетке коюшкан.
Айрымдар каттын сабатсыз жазылганына көңүл буруп, мындай чагым ушул күндөрү концерт берип жаткан ырчыларга тоскоолдук жаратуу максатында жасалган иш деп атышат.
Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына карата Бишкекте жана ири шаарларда парад, концерт, ардагерлер менен жолугушуулар өтүүдө. (RK)