Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:58

Президент Атамбаев Москвага барды


Алмазбек Атамбаев Москвага учуп келди. 7-май, 2015-жыл
Алмазбек Атамбаев Москвага учуп келди. 7-май, 2015-жыл

Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн кечке жуук иш сапар менен Москва шаарына учуп келди. Сапар алкагында 8-май күнү мамлекет башчы Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин жыйынына, КМШ мамлекеттеринин бейформал жолугушууcуна катышат.

9-майда президент Алмазбек Атамбаев Улуу Ата Мекендик согуштун Жеңишинин 70 жылдыгына арналган иш-чараларга, Кызыл аянттагы Жеңиш парадына катышат. Атамбаев мындан тышкары Советтер Союзунун Баатыры, кыргызстандык Дүйшөнкул Шопоковдун эстелигин ачат. Дүйшөнкул Шопоковдун эстелиги Москва облусунун Волоколамск шаарына, панфиловчу 28 баатырдын мемориалынын жанына тургузулган.

Президенттин басма сөз кызматы мамлекет башчы Алмазбек Атамбаевдин Москва сапары бүгүн анын Улуу Ата Мекендик согуш мезгилиндеги эски үлгүдөгү самолетторду көрүүсү менен башталганын кабарлады.(ZKo)

XS
SM
MD
LG