Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:19

Британиядагы парламенттик шайлоодо консерваторлор алдыда келатат


Экзит поллдун жыйынтыктарына караганда, парламенттик шайлоодо премьер-министр Дэвид Кэмерон башында турган консерваторлор жеңип чыгышы мүмкүн. Жеңиш аларга палатадагы 650 орундун 350сүн камсыздайт. Экинчи орунда Эд Милибэнд башында турган лейбористтер келатат. Алар палатадан 239 орун ала алышат. Үчүнчү орундагы Шотланддардын улуттук партиясы 58 орунга ээ болот. Ал эми Либералдык демократтар 10 гана орунга ээ болору айтылууда.

Либералдык демократтар менен башкаруучу коалиция түзүү ыкмасын улантса, Кэмерон кайрадан премьер-министрлик орунда кала бериши мүмкүн. Британияны 2010-жылдан бери ушул коалиция башкарып келе жатат.

XS
SM
MD
LG