Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:01

Дарыгерлер кенеден сактанууга чакырууда


Саламаттыкты сактоо министрлиги апрель айынын башынан майдын башына чейин кенеден жабыркаган 297 киши медициналык жардам сурап кайрылганын билдирди. Булардын көпчүлүгү Бишкек шаарынын тургундары.

Чүй облусунда 36, Ысык-Көлдө 29, Таласта 7, Нарында 2 киши кенеге чактырганын айтып, дарыгерлерге кайрылган. Маалыматка ылайык, азырынча кенеден энцефалит оорусун жуктуруп алган бир киши катталды.

Саламаттыкты сактоо министрлиги жарандарды кенеге чактырып алуудан сактанууга чакырат жана жаратылыш коюнуна эс алууга барган кезде өздөрүн жана кичинекей балдарды кене энцефалити вирусунан коргоосун эскертет.(ZKo)

XS
SM
MD
LG