Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:50

"Манас банк" боюнча доо арызды кароо мөөнөтү аяктоодо


"Манас банкы" боюнча кыргыз тарап Париждеги сотко берген апелляциялык арызды кароо мөөнөтү соңуна чыгып баратат. Бул тууралуу бүгүн "Азаттыкка" кыргыз өкмөтүнүн алдындагы Соттук өкүлчүлүк борборунун жетекчиси Тимур Шамбетов билдирди.

Анын айтымында, арыз өткөн жылдын ноябрь айында берилген, кароо мөөнөтү 6 ай.

- Эгер 16,5 миллион доллар боюнча Париждеги арбитраж сотунун чечими туура деген бүтүм чыкса, анда, айла жок, төлөйбүз. А эгер туура эмес десе, анда башка жолдорун карай баштайбыз, - деди Шакиров.

Былтыр 24-октябрда Париждеги арбитраж латвиялык ишкер, мурдагы президенттин уулу Максим Бакиевдин өнөктөшү саналган Валерий Белокондун арызынын негизинде кыргыз өкмөтүн 16,5 миллион доллар доого жыккан. Белоконь 2010-жылдагы Апрель окуясынан соң "кыргыз бийлиги Бишкектеги “Манас банкты" мыйзамсыз тартып алып, менчик укугумду бузду" деп даттанган. (BkA/RK)

XS
SM
MD
LG