Кечээ, 7-майда Ош шаарындагы "Өчпөс от" алдында Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу Абдрашит Парпиевдин эстелигин ачуу аземинде эсин жоготкон окуучу кыздын абалы жакшы. Бул тууралуу бүгүн "Азаттыкка" ал кыз окуган мектептин жетекчилиги билдирди.
«Олимп» гимназия-мектебинин 7-классынын окуучусу Аделина Караева иш-чарага катышкан премьер-министр Темир Сариевди тосуп алуу үчүн тизилгендердин катарында туруп эсин жоготкон. Ага ошол жерден медициналык жардам көрсөтүлгөн.
2012-жылы Баткенде президент Алмазбек Атамбаевди тосуп алуу үчүн тизилген окуучулардын да бири эсин жоготкон эле.
Кечээ премьер-министр Темир Сариевдин тапшырмасы менен Билим берүү министрлиги өкмөттүк расмий адамдарды тосуп алуу учурунда окуучулардын катышуусуна тыюу салды. (ErN).