Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:16

Кыргызстан "Кумтөрдүн" камалган акциялары боюнча сотко кайрылат


Кыргыз өкмөтү "Центерра голд" компаниясындагы "Кумтөр оперейтингдин" камактагы акциялары боюнча Канаданын Онтарио сотуна кайрылат. Бул тууралуу бүгүн "Азаттыкка" кыргыз өкмөтүнүн алдындагы Соттук өкүлчүлүк борборунун жетекчиси Тимур Шамбетов билдирди. Анын айтымында, апрелдин аягында Москванын арбитраждык соту канадалык "Стэнс-энержи" компаниясынын арызы боюнча Москва Соода-өндүрүштүк палатасынын алдындагы арбитраждын чечимин жокко чыгарганы кыргыз тараптын Онтарио сотуна кайрылуусуна жол ачты.

Москва шаардык арбитражанын чечими 30 күн ичинде күчүнө кирет. Бул убакыт аралыгында "Стэнс-энержи" доо арыз менен жазбаса Онтарио сотуна тезирээк кайрылууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Москва Соода-өндүрүштүк палатасынын арбитражы кыргыз өкмөтүн "Стэнс-энержинин" арызынын негизинде 118 миллион долларга доого жыккан. Бул чечимди негиз кылып Онтарио соту Кыргызстандын "Кумтөрдөгү" акцияларынын 60% камакка алган.

“Стэнс энержи” 2009-жылы Кеминдеги Куттуу-Сай кенин иштетүүгө лицензия алган. 2012-2013-жылдары парламентте ал лицензиянын мыйзамдуулугу боюнча маселе көтөрүлүп, Бишкектин район аралык соту аны алып койгон. “Стэнс-энержи” муну мыйзамсыз деп атап Москвадагы арбитраждык сотко кайрылган. (BkA/RK)

XS
SM
MD
LG