Чехияда хоккей боюнча дүйнөлүк чемпионат өтүүдө. 7-майда Острава шаарында өткөн беттешүүдө Беларус АКШны 5:2, Финляндия Словенияны 4:0 эсебинде жеңди. Беларус хоккейчилери буга чейинки дүйнөлүк биринчиликтерде АКШлык атаандаштарына беш ирет жеңилген. Ошентип, 10 упай менен Беларус тандалмасы “В” тобунда көч баштоодо. Кийинки орундарда АКШ, Орусия жана Финляндия турат.
Прагадагы беттешүүлөрдө Швеция Германияны 4:3 жана Чехия Францияны 5:1 эсеби менен утту.