Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:17

Сариев тариф саясатынын ачыктыгын талап кылды


Ар бир жаран электр энергиясынын баасы кантип эсептелери тууралуу так маалымат алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болуусу керек. Мындай талап бүгүн премьер-министр Темир Сариевдин Отун-энергетика комплексин жөнгө салуу агенттигинин жетекчиси Нурбек Элебаев менен жолугушуусунда коюлду.

Өкмөт башчы тариф саясаты ачык жүргүзүлүүсү керектигин, ар бир жаран суу сактагычтагы суунун көлөмүн, импортко канча энергия келип жатканын, баа кантип эсептелерин билүүсү зарыл экенин баса белгиледи.

Ошондой эле жолугушууда кышка даярдык талкууланып, электр энергиясынын тартыштыгына байланыштуу бардык аймактардагы электр менен иштеген мештерди көмүр же башка отунга өткөрүү талабы коюлду.

Өкмөт 1-июндан тарта Кыргызстанда электрдин баасын азыркыдан 20% кымбаттатканы жатат. Учурда калк үчүн тариф пайдаланган көлөмүнө жараша 1 киловаттына 0,7-2,05 сом. (RK)

XS
SM
MD
LG