Бул тууралуу Беларус президенти КМШ өлкөлөрүнүн жетекчилеринин жыйынында айтты. Бүгүн Москвада өтүп жаткан бейформал жолугушууга Украинанын президенти Петро Порошенко келген эмес.
Жолугушууда Беларус мамлекетинин башчысы Александр Лукашенко Украинанын де-факто шериктештиктен чыкканына токтолду. «Украина Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинен чыкса, кайра ага кирүүсү оор болот. Буга Грузия мисал», - деди Беларус президенти. (LzT)