Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:59

Атамбаевдин согуш жөнүндө айтканы Каримовго жаккан жок


Президенттер Ислам Каримов менен Алмазбек Атамбаев, Бишкек, 12-сентябрь, 2013.
Президенттер Ислам Каримов менен Алмазбек Атамбаев, Бишкек, 12-сентябрь, 2013.

8-майда Москвада өткөн Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына арналган КМШ мамлекеттеринин президенттеринин саммитинде Өзбекстандын президенти Ислам Каримов кыргыз коллегасы Алмазбек Атамбаевдин Экинчи Дүйнөлүк согуш жөнүндө айтканын сындап, «чекилик жана одоно» сөз деп баалады.

Президент Атамбаев өз кебинде «согушка катышкан ата-бабаларга жана фронтто эмгектенген энелердин урматына сый көрсөтүүдө» жыйынга келе албай калган кесиптештерине өкүнгөнүн айткан. «Өткөндү унуткан келечекте жооп берет» - деген Атамбаевдин сөзүн президент Каримов бөлүп-жаруу сыңары кабыл алган.

«Мындай эскертүүлөрдү айтуу биринчиден чекилик, экинчиден, одоно сөз. Бул жерде биздин досубуз Алмазбек Атамбаев кимдир бирөөлөрдү өткөндү унутууга ниеттенип жаткандыгы үчүн зекиген шекилдүү… Мындай эскертүү туура эмес, жакшылыкка алып келбейт» - деди Ислам Каримов.

«Жеңиш - жалпыга таандык» экенин айткан өзбек президенти анда согушка катышкан бардык элдин салымы бардыгын белгиледи. «Ар бир өлкө, ар бир эл жана бүгүнкү күндө шайланган ар бир жетекчи бул майрамды кайда жана кандай майрамдай тургандыгын өзү чечет», - деп кошумчалаган.

Өзбек кесиптешинин мындай сынына Кыргызстандын жол башчысы өзүнүн жеке оюн билдирип жатканын айтып, жооп кайтарды.

8-майда Москвада өткөн КМШнын саммитине жети лидер катышты. Бул жолу Украинанын президенти Петро Порошенко менен Молдованын лидери Николай Тимофти келген жок. (LzT)

XS
SM
MD
LG