АКШнын Мамлекеттик департаментинин атайын өкүлү Амос Хоштейн Афинаны газ куурун куруу боюнча Орусиянын сунушун четке кагууга чакырды. Хоштейн бул тууралуу жума күнү Афиныда билдирди. Анын айтымында, Москванын сунушу Грециянын каржылык кызыкчылыктарына туура келбейт. Хоштейндин жүйөсүндө, Орусия саясий максаттан улам газ куурун курууга кызыкдар болуп, Европа өлкөлөрүнүн Орусияга көз карандылыгын күчөтүү максатын көздөйт.
Анын ордуна Кошмо Штаттар “Түштүк газ коридору” деп аталган долбоорго кошулууга чакырды. Анда долбоорго Европа өлкөлөрүнө Азербайжан жана Түркмөнстандан газ жеткирүү каралган. Жума күнү АКШнын Түркиядагы элчилиги бул долбоор Грецияга бир жарым миллиард доллар инвестиция алып келип, он миң адамга жумушчу орун түзөрү каралган.
7-майда Орусиянын президенти Владимир Путин Грециянын премьер-министри Алексис Ципрас менен телефон аркылуу сүйлөшүп, Афинынын “Түштүк агым” долбооруна кошулуу маселесин талкуулаган. Грек өкмөт мүчөлөрү долбоорго кошулууга даярдыгын билдирген. Бирок Түркиянын аймагы аркылуу өткөн газ куурунун курулушуна расмий Анкара макулдугун бере элек.