Пакистанда 8-майдагы тик учак кырсыгына байланыштуу аза күнү жарыяланды. Гилгит-Балтистан аймагында кырсыктан жети адам, анын ичинде эки элчи курман болду. Кырсыкта Филиппиндин жана Норвегиянын элчилери, Малайзиянын жана Индонезиянын элчилеринин жубайлары, ошондой эле үч учкуч ажал тапкан. Ондон ашык адам, алардын арасында Польшанын жана Нидерландиянын элчилери жарадар болушкан.
Пакистандагы Талибан кыймылынын өкүлдөрү тик учакты алар атып түшүргөнүн билдиришти. Бирок бийликтер мындай маалыматты четке кагып, тик учак техникалык себептен кыйраганын маалымдоодо.