Ош шаарынын 32 жаштагы тургуну күйөөсүнүн токмогуна чыдабай, 5-майда димедрол дарысын ченемден көп ичип каза тапкан.
Бул тууралуу Ош шаардык милициясы кабарлады. Шаардык милициянын маалыматына караганда, жаш келинди күйөөсү күн сайын мас болуп ур-токмокко алып турган. Окуя болгон күнү да өз жанын кыйган келин күйөөсүнөн токмок жеген. Учурда кызыл камчы күйөө убактылуу кармоочу жайга камалды. Ага карата "өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү" беренеси менен кылмыш иши козголду.(YI)