Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:49

Кызылчага каршы эмдөө пункттары ачылат


Кыргызстанда кызылчага каршы жаңы эмдөө пункттары ачылат. Бул тууралуу “Азаттыкка” Республикалык эмдөө борборунун жетекчиси Жолдош Калилов билдирди.

Анын айтымында, 12-23-май аралыгында өлкө аймактарында бир жаштан 20 жашка чейинки жарандар эмделет. Калилов кошумчалагандай, учурда бул ооруга чалдыккандардын саны азайды. Азыр Жалал-Абад облусунда гана көрсөткүч жогору болууда.

Буга чейин март айында Бишкек жана Чүйдө 315 062 киши эмдөөдөн өткөн.

Жыл башынан бери кызылча оорусуна Кыргызстан боюнча 7 миңге чукул киши кабылган. Илдеттин алдын алуу үчүн улуттук эмдөө өнөктүгү башталган.(BkA)

XS
SM
MD
LG