Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:07

“Центерра Голддун” директор кеңешинин курамы өзгөргөн жок


Кумтөр алтын кенин иштеткен Канададагы “Центерра Голд” компаниясынын директорлор кеңешинин курамы өзгөрүүсүз калды. Мындай чечим 8-майда өткөн компаниянын акционерлеринин жылдык жыйынында кабыл алынганы “Центерранын” расмий сайтында жарыяланды. Маалыматка ылайык, директор кеңешинин мурдагы он бир мүчөсү акционерлердин жетиштүү добушун ала алган.

Алардын арасында “Кыргызалтын” көрсөткөн Эмил Орозбаев, Калыйнур Садыров жана Кылычбек Шакиров бар. Алар акционерлердин 97 пайызга жакынынын добуш алган.

“Центерра Голд” бул жолку жыйында Кыргызстандын атынан компаниянын 33 пайызга жакын акциясына ээлик кылган “Кыргызалтын” компаниясы өзү көрсөткөн талапкерлерден башкаларга добуш бербегенин маалымдоодо.

Муну менен катар “Центерра Голд” Кумтөр кени боюнча кыргыз өкмөтү менен сүйлөшүүлөр уланып жатканын кошумчалады.

Кыргыз парламенти 2014-жылы Кумтөр боюнча 50 пайыздык теңме-тең үлүшкө ээ болгон биргелешкен ишкана түзүү боюнча меморандум кабыл алган. Анын негизинде келишим иштелип чыгышы керек эле. Бирок бир жылдан ашса дагы бул келишим түзүлө элек. Апрелдин башында ошол кездеги премьер-министр Жоомарт Оторбаев бул келишимден баш тартып, жаңы жол сунуштаган. Ал 30-мартта британиялык ишкерлер Мартин Грэхем жана Лорд Клэнвильямдан кат келгенин, алар Кыргызстандын 33% акциясына “Центерранын” дагы 18% кошуп, 51% акцияга ээ болуу менен “Центерра Голддун” жетекчилигин алмаштырууну сунуштаганын айткан.

Оторбаевдин планы боюнча, 8-майдагы компания акционерлеринин жалпы жыйынында Кыргызстан жаңы талапкерлерди сунуштап, жетекчиликти алмаштырууга аракет кылмак. Бирок сунуш талкуу жаратып жатканда Оторбаев кызматтан кетти. (BkA)

XS
SM
MD
LG