Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:47

Түндүк Корея баллистикалык ракетаны сыноодон өткөрдү


Ким Чен Ын
Ким Чен Ын

Түндүк Корея 9-майда суу алдында жүрүүчү баллистикалык ракетаны ийгиликтүү сынаганын кабарлады. Бийлик бул ракетаны “дүйнөлүк маанидеги стратегиялык курал-жарак” деп мүнөздөдү.

Түндүк Кореянын Борбордук телеграф агенттиги кабарлагандай, ракетаны сыноо буйругун өлкө жетекчиси Ким Чен Ын берип, жараянга өзү көз салып турган.

Сыноо АКШнын Пхеньянды баллистикалык ракеталар боюнча программасын жашырып жатат деп айыптап чыккан соң көп өтпөй жасалды. Азырынча АКШ бийликтери жаңы сыноо боюнча комментарий бере элек. Бирок буга чейин баллистикалык ракеталарды колдонуу БУУнун Коопсуздук кеңешинин резолюциясынын бузуу экенин билдирип келген.

Бириккен улуттар уюму Түндүк Кореяга баллистикалык ракеталарды колдонууга жана өндүрүүгө тыюу салган санкция киргизген.

XS
SM
MD
LG