Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Февраль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:44

Йемендеги козголоңчулар ок атышууну убактылуу токтотууга макул болушту


Йемендеги хуси козголоңчулары ок атышууну беш күнгө токтотуу боюнча Сауд Аравиянын сунушун кабыл алды. Бул тууралуу козголоңчулардын армиясынын маалымат катчылыгынан кабарлашты. Эми сунуш шарттары сакталса, 12-майдан тарта ок атуу беш күнгө токтолушу керек. Бул жөнүндө Саудиянын тышкы иштер министри менен АКШ мамкатчысынын 7-майда Эр-Риядда өткөн кездешүүсүндө жарыяланган эле. Андагы максат тыныгуудан пайдаланып, өлкөдөгү куралдуу коогалаңдан жабыркаган миллиондогон йемендиктерге гумжардам жеткирүү экени айтылган.

Жон Керри Вашингтон демилгени колдогонун айтып, хуси козголоңчуларын бул сунушту колдоого үндөгөн эле.

Шииттердин хуси козголоңчулары Йемендин баш калаасы Сананы январь айында басып алышкан. Сунни мусулмандары башкарган Сауд Аравия баштаган бир нече өлкө козголоңчуларга каршы аскердик операцияларды жүргүзүүдө. Коалиция хусилерди колдойт деп Иранды күнөөлөшүүдө. Бирок Иран йемендик шиит согушкерлери менен мамиле түзбөгөнүн ырастап келет.

XS
SM
MD
LG