Бүгүн Бишкектеги Токтоболот Абдымомунов атындагы кыргыз драма театрында “Жүрөктөн жүрөккө” деп аталган кайрымдуулук концерти өтөт. Аны Бишкектин мектептеринен куралган ыктыярчы окуучулар уюштурууда. Алардын бири Наздана Мавлянованын “Азаттыкка” билдиришинче, концерттен топтолгон каражат Жайыл районундагы кароосуз калган балдар үйүнө которулмакчы.
Мавлянова мындай жол менен окуучулар коомдогу көйгөйлөргө кайдыгер карабай турганын жана кароосуз калган балдар маселесине коомчулуктун көңүлүн бурууну көздөшкөнүн билдирүүдө. Концерт 18:00дө башталат.(BkA)