Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:35

Ооганстан: жок кылынган согушкерлер арасында кыргызстандыктар болгон


Ооганстандын түндүк аймактарында өкмөттүк күчтөргө каршы талиптер менен “Ислам мамлекети” террорчул тобунун мүчөлөрү биргелешип cогушуп жатат. Бул тууралуу Кундуз провинциясынын губернатору Мухаммед Омар Сафи “Азаттыктын” ооган кызматына билдирген. Анын айтымында, 24-апрелден бери утур-утур кагылыштар орун алган аймактан 18 чет өлкөлүк согушкердин сөөгү табылган. Губернатордун айтымында, алардын арасында Кыргызстан, Тажикстан, Өзбекстан, Түркиянын жарандары жана чечен улутундагы адамдар болгон.

Полициянын башчысы Абдул Сабур Насрати да аймакта “Ислам мамлекетинин” согушкерлери урушуп жатканын четке кага албай турганын кошумчалады. Өкмөттүк күчтөр менен согушкерлердин кагылышы Али-Абад, Чардари, Имам-Сахиб жана Гүл-Тепе аймактарында уланып жатат.

XS
SM
MD
LG