Македониянын чыгышындагы Куманова шаарында белгисиз куралдуу топ менен коопсуздук күчтөрүнүн атышуусу уланууда. Ишембиде атышуудан беш полиция кызматкери мерт кетип, отуздан ашууну жараат алганы кабарланган. Бүгүн эртең менен дагы үч полициячы жараат алганын жергиликтүү маалымат каржаттары жазып чыкты. Куманова өлкө түндүгүндөгү Косово жана Сербия чектешкен аймакта жайгашкан.
Өлкөнүн ички иштер министри Гордана Янкуловсканын айтымында, ишемби күнү кечинде куралчан топтун 20 мүчөсү өз эрки менен колго түшүп берди. Калгандары шаардагы үйлөрдө жашырынып жатат. Бул топ Македонияга чектеш өлкөлөрдүн биринен кирген.
Министр Янкуловска куралдуу топтун максаты өлкөдөгү мамлекеттик мекемелерди басып алуу экенин, бул туруктуулукка коркунуч туудурарын билдирди. Ал коопсуздук күчтөрү операцияны акыркы кылмышкер жок кылынганга чейин жүргүзөт деп убада берди.
Түзүлгөн кырдаалга Евробиримдик тынчсыздануусун билдирди.