Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:56

БУУ Либерия эболадан тазаланганын билдирди


Бириккен улуттар уюмунун Саламаттык сактоо уюму Либерияны эбола оорусу жок өлкөлөрдүн арасына кошту. Бул өлкөдө вирустан 4700 адам каза болгон эле. Саламаттык сактоо уюмунун маалыматы боюнча, Либерияда 42 күндөн бери оорунун бир да учуру каттала элек. Былтыр сентябрда жумасына илдетке 400гө жакын адам чалдыгып жаткан эле. Акыркы жыйынтыкты оңунан баалаган уюм “Либерия эболаны жеңди” деп билдирди.

Бирок вирус коңшулаш Гвинея менен Сьерра-Леонада катталып жатат.

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун эсеби боюнча, дүйнө жүзүндө эболадан каза тапкандардын саны 10 миң адамга жетти. Жуктуруп алып, илдет менен күрөшүп жаткандар 24 миңден ашат.

XS
SM
MD
LG