Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:53

Германия канцлери Меркел Москвага келди


Германиянын канцлери Ангела Меркел Москвага келди. Ал орус президенти Владимир Путин менен бирге Кремл дубалынын жанындагы белгисиз жоокердин бейитине гүлчамбар койду. Украинанын чыгышындагы кырдаал жана Крым аннексияланышынан улам АКШ жана Европа өлкөрүнүн бир катар жетекчилери сыяктуу эле Меркел 9-майда Москвадагы аскердик парадга катышуудан баш тарткан эле.

Орус президенти менен жолугушууда Украинанын чыгышындагы абалды жөнгө салуу жолдору талкууланары күтүлүүдө.

Украинанын чыгышында былтыр апрелде башталган жаңжалдан 6100дөн ашык адам мерт кетти.

XS
SM
MD
LG