Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:17

ЕБ африкалык качкындарды тең бөлүшөт


Жер Ортолук деңизинде куткарылган мигранттар. 3-май 2015
Жер Ортолук деңизинде куткарылган мигранттар. 3-май 2015

Еврокомиссия Жер ортолук деңизи аркылуу келген мигранттарды Евробиримдикке мүчө 28 өлкө тең бөлүшсүн деп сунуш кылат.

Британдардын The Times журналынын жазышынча, качкындар эми өлкөнүн ички дүң жыйымынын көлөмүнө, элинин санына, жумушсуздуктун деңгээлине жана баш паанек сураган адамдардын санына ылайык бөлүштүрүлөт. Мигрантарды бөлүшүүнүн квотасын Еврокомиссиянын төрагасы Жан-Клод Юнкер 13-майда сунуш этет. Буга чейин мигранттарды жайгаштыруу алар биринчи келип түшкөн өлкөнүн мойнунда болчу.

БУУнун маалымдашынча, жыл башынан бери 60 миңдей адам Жер Ортолук деңизи аркылуу Европага жетүүгө аракет кылган жана 1800дөн ашык мигрант деңизде өлгөн. Бул былтыркыга караганда 20 эсеге көп.

XS
SM
MD
LG