Экзит-поллдун жыйынтыгына караганда, шайлоонун биринчи айлампасында оппозициячыл талапкер Анджей Дуда көпчүлүк добушту алат. Бирок улутчул Дуда жеңиш үчүн зарыл 50% добушка ээ болбогондуктан, 24-майдагы азыркы президент Бронислав Коморовский менен күч сынашат. Экзит-полл боюнча, Дуда 33,5 % добуш, Комаровский 33, 1% добуш алган.
Шайлоонун ырасмий жыйынтыгы азырынча жарыялана элек.
10-майдагы шайлоо алдында өткөрүлгөн сурамжылоо көпчүлүк Комаровский үчүн добуш берерин көрсөткөн болчу.