Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 04:30

Индияда автобус капчыгайга кулап, 23 адам өлдү


Ладен кыштагынын эли жер көчкүнүн астында калган адамдарды издешүүдө. Кашмир штатынын Ладен кыштагы. 30-март 2015
Ладен кыштагынын эли жер көчкүнүн астында калган адамдарды издешүүдө. Кашмир штатынын Ладен кыштагы. 30-март 2015

Талаштуу Кашмир штатынын Индия көзөмөлдөгөн бөлүгүндө автобус аска тоонун боорундагы жолдон чыгып кетип, 23 жүргүнчү апаат кетти жана 25 адам жарадар болду. Индия полициясынын башкы инспектору Даниш Рананын айтымында, сүйлөшүп бараткан айдоочу бурулушта автобусту башкара албай калган. Гималай тоосунун этегиндеги Кашмир региону Индия жана Пакистан ортосунда бөлүнгөн. Бирок эки жак тең бүтүндөй аймакка ээ чыгып жүрүшөт.

XS
SM
MD
LG