Кыргыз-тажик чек арасын тактоо боюнча жумушчу топтордун кезектеги сүйлөшүүсү ушул айдын экинчи жарымында Баткен облусунун аймагында өтөрүн "Азаттыкка" өкмөттүн чек ара маселелери боюнча өкүлү Курбанбай Искандаров билдирди. Анда тараптар буга чейинки сүйлөшүүдө жарым-жартылай макулдашкан Баткен жана Исфара райондорунун ортосундагы беш чакырымдай чек ара тилкесин биротоло бекитип, кагазга түшүрүүсү мүмкүн. Ошондой эле чек ара тилкесин тактоо боюнча сүйлөшүүлөр уланат.
Өткөн айдын этегинде Тажикстандын Исфара шаарындагы сүйлөшүүдө тараптар бир чакырымдай чек ара тилкеси боюнча макулдашып, бул чек ара тактоо ишиндеги чоң жылыш катары бааланган. Анткени соңку жылдарда бир метр да тилке такталбай калган эле.
Кыргыз-тажик чек арасынын жалпы узундугу 970 чакырым. Буга чейин анын жалаң тоо кыркалары аркылуу өткөн 519 чакырымы гана такталган. Чек ара тактоо иштери өрөөндү аймактарга келгени таптакыр жылбай калган. Буга чек аралардын чырмалыша жайгашканы жана тараптар чек ара тактоонун укуктук негиздеринде пикир таба албай жатышы себеп болуп келген. Укуктук негиз боюнча азыр деле орток пикир жок, бирок тараптар талаш туудурбаган жерлерди азыркы шарттуу чек ара боюнча тактай берүүнү чечишкен.