Оштун мурдагы мэри Мырзакматовдун агасы Кеңеш Мызракматовдун үстүнөн арыздангандар 28ге жеткенин бүгүн "Азаттыкка" Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Замир Сыдыков тастыктады. Анын айтымында, Кеңеш Мырзакматов Ош окуясында жабыркагандарга үй алып берүүнү убада кылып алдап кетти деп шектелген беш кишинин бири. Ал топтун өкүлү деп кармалгандардын бири Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун бир мүчөсү катары каттоодо турган Чоң-Алай районунун тургуну болуп чыкты. Алар алгач кармалган убакта жабыркагандарды 132 миң доллар жана 1 миллиондон ашуун сомго зыянга учуратканы боюнча арыздар түшкөн. Бирок арыздардын саны менен бирге алдап алынган акчанын өлчөмү да өсүп жатат. Бул иш боюнча шектүүлөрдүн төртөө, алардын ичинде Кеңеш Мырзакматов азыр камакта, бирөө издөөдө жүрөт. Милициянын айтымында, кармалгандар чогулган акчанын баарын экс-мэрдин тууганы Кеңеш Мырзакматов алган деп көрсөтмө берип жатат.
Кеңеш Мырзакматов көз боёмочулук кылды деген шек менен ушул айдын башында эки айга камалган.
Мелис Мырзакматов Ош шаарында мэр болуп турганда эстакадалык көпүрөнү курууда жемкорлукка барган деген шек менен азыр эл аралык издөөдө жүрөт. Ал өзүнө карата козголгон кылмыш ишти саясий куугунтук деп атап келет. (YI)