Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:25

Кыргызстанда кылмыштын саны өсө баштады


2015-жылдын алгачкы чейрегинде катталган кылмыштардын саны 7624кө жетип, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу дээрлик 20 пайызга көбөйдү. Күч органдары 2014-жылдын биринчи чейрегинде 6645 кылмыш ишин каттоого алган эле. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин баяндамасында айтылат.

Маалыматка ылайык, уурулук, зордуктоо жана паракорлук жогорулаган. Ал эми ишенип берилген мүлктү өз пайдасына кымырып алуу фактылары азайган.

Жылдын алгачкы чейрегинде кылмыш жасаган төрт жарым миң адам катталды. Бул өткөн жылга караганда 21,7 пайызга көп. Алардын 12 пайызга жакынын аялдар, 7 пайызын жаш балдар түзөт.

Мыйзам бузуулардын эң көбү, тагыраак айтканда үч миңге жакыны Бишкек шаарында орун алган. Экинчи тепкичте Чүй облусу турат. Андан кийинки орундарда Жалал-Абад, Ысык-Көл жана Ош облустары. Кылмыш эң аз катталган аймак – Нарын. Бирок бардык облустардагы көрсөткүч өткөн жылга салыштырмалуу жогору. (SE)

XS
SM
MD
LG