Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:12

Кыргызстандык окуучу Еревандагы олимпиадада коло байге алды


Темирлан Кубаналиев байге алгандан кийин, Ереван.
Темирлан Кубаналиев байге алгандан кийин, Ереван.

Таластагы Манас-Ата кыргыз-түрк лицейинин 11-классынын окуучусу Темирлан Кубаналиев 3-8-май күндөрү Армениянын Ереван шаарында өткөн химия сабагы боюнча Менделеев атындагы 49-олимпиадада коло медалдын ээс болду. Муну менен ал 11 өлкөнүн университеттерине экзаменсиз өтүүгө мүмкүнчүлүк алды. Эми ал 10-июнда Азербайджанда өтө турган Дүйнөлүк олимпиадага камынып жатат.

Темирлан Кубаналиев Кыргызстанда быйылкы республикалык олимпиадада 2-орунду алган. Ага чейин 2013-2014-жылдары ал биринчи орунду ээлеп, Менделеев атындагы олимпиадага эки ирет катышкан. Мындан тышкары эл аралык олимпиадаларда дагы өзүн сынап көргөн. (AzK)

XS
SM
MD
LG