Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:14

Кызамыкка каршы эмдөөнүн экинчи айлампасы башталды


Республикалык иммунопрофилактикалык борбордун маалыматына караганда, бүгүн башталган эмдөөлөр 23-майга чейин созулат. Анын алкагында өлкө боюнча1 жаштан 20 жашка чейинки 1,6 миллион киши эмделет. Бишкектин жаңы конуштарын 212 мобилдик бригада тейлейт.

Адистердин айтымында, ушул тапта кызамык боюнча абал турукташып калды. Бул күндөрү республикалык инфекциялык оорукананын бир гана бөлүмү оорулууларды кабыл алып жатат. Буга чейин ал жердеги беш бөлүм кызамык менен ооругандарды тейлеп жаткан.

Кыргызстан боюнча ушул тапта кызамык менен 15 миңге чукул киши ооруп жатат. 4 миңдей киши ооруга шектелип, ооруканаларга кайрылган. (AzK)

XS
SM
MD
LG