Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:38

Чаткалда алтын казган компаниялардан убадаларын аткаруусун талап кылышууда


Алтын кендердин бири, Чаткал.
Алтын кендердин бири, Чаткал.

Бүгүн Чаткалда алтын кен казган 6 компания жергиликтүү эл менен жолугуп, былтыркы аткарылган иштер туурасында отчет берип, быйылкы иш-чаралар боюнча элдин сунуштарын угуп жатат. Жыйында кен казган “Фонта” компаниясынын былтыркы жылдын эсебинен жергиликтүү бюджетке 4 миллион сомду которо электиги, “Вертекс Голд” компаниясынын былтыр баштаган көпүрөсүнүн бүтпөй жаткандыгы айтылды. Жергиликтүү тургундар эгер компаниялар 1-июнга чейин убадаларын аткарбаса, анда ишти токтотуу талабы коюларын билдирип жатышат.

Аталган компаниялардын өкүлдөрү тургундардын талаптарын жетекчиликке жеткирерин билдиришти.

Жыйынга кен казган компаниялардын өкүлдөрү, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана жергиликтүү тургундардын кошкондо 300 гө чукул киши катышып жатат. (AzK\RsK)

XS
SM
MD
LG