Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:28

Чаткалдыктар алтын кендерде 70 пайыз жергиликтүүлөр иштешин каалайт


Жергиликтүү тургундар кен казган компанияларга 70% жергиликтүүлөр жумушка кабыл алынышын талап кылышууда. Мындай талаптар аймактагы Кытайлык “Кичи Чаарат” компаниясына айтылды. Компанияда азыр 95 кытай жана 64 жергиликтүү тургун иштейт.

Компания директору У Ся Ган быйыл да курулуш иштери жанданып, кошумча 50 адам кабыл алынарын айтты. Жыйын катышуучулары кытай жарандарынын саны жашырылып келгенин, ушул тапта ал жерде 150гө жакын киши бар экенин белгилешти. Ошондой эле экологиялык нормаларды сактоо жана компаниялар тарабынан Чаткалдын борбору Каныш-Кыяга өкүлчүлүктөр ачылсын деген талаптар айтылууда.(RsK)

XS
SM
MD
LG