Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:38

Мектепти бүтүрүү кечелери кафе-ресторандарда өткөрүлбөйт


Мектеп бүтүрүүчүсү, Кара-Кулжа району, Ош, 25-май, 2013.
Мектеп бүтүрүүчүсү, Кара-Кулжа району, Ош, 25-май, 2013.

Билим берүү министри Элвира Сариеванын билдиришинче, мектептерде окуу жылынын бүтүшүнө байланыштуу директорлорго майрамдык иш-чараларды өткөрүү үчүн мыйзамсыз акча чогултууга тыюу салынат. Мындан тышкары өткөн жылдагыдай эле бүтүрүү кечелерин кафе-ресторандарда уюштурууга салынган тыюу узартылат. Министрдин айтымында, мындай аракеттер окуучулардын коопсуздугун сактоо үчүн көрүлүүдө.

Өткөн жылы Бишкекте бир күндүн ичинде мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн катышуусунда 20 жол кырсыгы катталган.

Быйылкы окуу жылы 25-майда эмес, 29-майда аяктайт. 9-11-класстын окуучуларына аттестат тапшыруу салтанаты 20-22-июнь күндөрү өткөрүлөт.(AzK)

XS
SM
MD
LG