Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:22

Кыргызстанда экстремисттик уюмдарга мүчө 1819 киши катталган


Бул туурасында ИИМдин 10-башкы башкармалыгынын башчысы Рафик Мамбеталиев бүгүнкү маалымат жыйында билдирди. Анын айтымында, бул адамдар «Хизб ут-Тахрир», "Салафия”, «Жамаат-ал-Жихад» сыяктуу бир катар уюмдарга мүчө болгон жарандар.

2015-жылдан башынан бери ички иштер органдары тарабынан жүргүзүлгөн текшерүү иштеринин жыйынтыгында диний экстремизмди таратуу боюнча 172 факт катталып, 4703 даана диний-экстремизмдик маанайдагы материалдар алынган.

Бүгүнкү күндө интернеттеги 32 маалыматтык порталдарында, социалдык тармактарда экстремисттик, сепаратисттик жана террористтик маанайдагы материалдарды аныктоо боюнча мониторинг жүргүзүлүп жатат.

Жыл башынан бери экстремисттик алты сайт аныкталып, алар боюнча чогултулган материалдар Дин иштери боюнча комиссияга экспертиза үчүн жөнөтүлгөн. (AzK)

XS
SM
MD
LG