Кыргызстандын ички дүң өнүмү жыл башынан берки төрт ай ичинде 109 миллиард сомду түзүп, былтыркы жылдын ушул учуруна салыштырмалуу 7 пайызга өскөн. Бул туурасында Улуттук статистикалык комитеттин өкүлү Чынара Турдубаева билдирди. Анын маалыматында ички дүң өнүмдүн басымдуу бөлүгү саналган 51 пайызы тейлөө көрсөтүүчү тармакка, 21 пайызы өндүрүшкө, 9 пайызы айыл чарба жана 6 пайызы курулуш тармагына тиешелүү.
Мындан тышкары 2014 жылы кыргыз экономикасына келчү түз инвестициялардын агымы 2013-жылга салыштырмалуу 37 пайызга төмөндөп, 608,6 миллион долларды түздү.
Адистердин айтымында, түз инвестициянын көлөмү курулуш, маалымат жана байланыш тармактарынан башка ишкердүүлүктүн бардыгында азайган.
Бүгүнкү күндө инвестиция салууга экономикалык ишмердүүлүктүн эң эле приоритеттүү багыты катары профессионалдык,техникалык, илимий ишкердүүлүк, каржылык ортомчулук жана камсыздандыруу чөйрөсү, кайра иштеп чыгаруу өндүрүшү жана дүң соода тармагы кала берүүдө. (AzK)