Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:28

Өзбекстанда коопсуздук кызматынын дагы бир жетекчиси иштен алынды


“Азаттыктын” өзбек редакциясына белгилүү болгондой, генерал Хайот Шарифкожаев Өзбекстандын Улуттук коопсуздук кызмат төрагасынын биринчи орун басарлыгынан алынды. Бул тууралуу аталган мекеменин өзүнөн ысымын ачыктагысы келбеген булактар кабарлашты.

Генерал Шарифкожоев Өзбекстандын күч түзүмдөрүнүн президент Ислам Каримовдун кызы Гүлнарага байланышкан кылмыш иштери үчүн жоопкер расмий өкүлдөр арасынан кызматтан алынгандардын үчүнчүсү болду.

Алардын бири, генерал Шарифкожоевдин бир тууганы, өзбек коопсуздук кызматынын мурдагы башкармалык башчысы Жавдат Шарифкожоев былтыр декабрда аскерий сот тарабынан төрт жылга кесилген.

Өзбекстандагы тергөө иштери азыр үй камагында делген Гүлнара Каримовага караштуу бир нече телеканалдардын, дүкөндөрдүн жабылышына алып барган эле. Президент кызынын бир нече кызматташы соттолгон. (UE)

XS
SM
MD
LG